Тосмо лентасы. Архив

Уурдалып бараткан киши буту багаждан чыгып калгандыктан куткарылды

1363
(жаңыланган 11:27 13.08.2015)
Милиция кызматкерлери автоунаанын багажынан кишинин буту чыгып турганын байкаган. Бул шектүү көрүнүш болгондуктан милиция кызматкерлери автоунаанын артынан кууп жөнөгөн.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ош шаардык жол кайгуул кызматынын инспекторлору уурдалып баратышы мүмкүн болгон жаранды куткарып калышты. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-августта жол кайгуул кызматынын инспекторлору Ош шаарынын Мамыров жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинен катуу ылдамдыкта келе жаткан "Опель-Вектра" үлгүсүндөгү автоунааны көрүшкөн. Ага токтоо буйругун бергенде айдоочу баш ийбей, тескерисинче, ылдамдыкты күчөткөн.

Милиция кызматкерлери автоунаанын багажынан кишинин буту чыгып турганын байкаган. Бул көрүнүш шек жараткандыктан, милиция кызматкерлери автоунаанын артынан куушкан. Муну байкаган айдоочу ылдамдыкты катуулаткан. Качып кутула албай турганын түшүнгөн шектүүлөр машинаны жол боюна таштап, андан төрт киши чыгып качып жөнөгөн. Бирок милиция кызматкерлери эки жаранды кармап, экөө качып кетүүгө үлгүргөн. Кармалгандар 19 жаштагы жарандар экени такталды.

"Опель-Вектранын" багажында эс-учун билбей жаткан киши бул унаанын ээси экени аныкталды.

Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн окуянын чоо-жайы азырынча айтылбай турганын Сыдыков кошумчалады.

Учурда Ош шаарды ИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоо жайына камалды. Качып кеткендерди кармоо боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Жабыр тарткан 22 жаштагы жарандын туугандары ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына ыраазычылык билдиришти.

1363
Белгилер:
адам уурдоо, кылмыш иши, Ош
Тема боюнча
Ысык-Көлдө бир жарандын тогуз бодо малын уурдаган деп шектелгендер кармалды
Бишкекте 6 жашар кызды уурдаганга аракет кылган киши кармалды
Пикирлер