Шаурма сатуучу жай. Архив

Шаурма жеген алты адам ууланып, ооруканага түштү

181
(жаңыланган 11:32 13.08.2015)
Шаурмадан алты киши ууланып, дарыгерге кайрылышты.

БИШКЕК, 11-авг — Sputnik. Чүйдүн Москва районундагы Беловодское айылында шаурма жеген алты киши ууланган. Бул туурасында Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин маалымат кызматы кабарлады. 

"Азырынча кишилер шаурмадан ууланды деген тыянак чыгарып жатабыз. Аны "Смактайм" деп аталган тамактануу жайынан 9-августта сатып алышкан",— деп айтылат таратылган маалыматта. 

Уулануунун белгилери 10-августта байкалып, алар ооруканага кайрылууга аргасыз болушкан. Учурда бейтаптардын абалы канааттандырарлык. Тамак саткан жай текшерүүгө алынып, ээсине айып салынып, соода иши токтотулду. 

"Иликтөө үчүн эки түрдөн шаурма жана уулангандардан алынган тамака-аш лабораторияга жөнөтүлдү", — деп билдирди департаменттен.

Лабораториядан жасалган изилдөөгө жараша менен бул иш боюнча жыйынтык чыгарылат.

181
Белгилер:
шаурма, уулануу
Тема боюнча
Эки айдын ичинде Бишкекте тамак-аштан 20 уулануу катталган
Пикирлер