Бишкекте башка бирөөнү бычактаган 64 жаштагы аял кармалды

Жазылуу
Бишкектеги убактылуу кармоо жайына башка бир аялды бычактады деп шектелген 64 жаштагы аял түшкөн.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бир жаранды бычактаган улгайып калган аял кармалды деп билдирди Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан. 

25-июндун таңында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө "Туңгуч" кичи районунун Ауэзов көчөсүндө бычакталган аял жатат деген маалымат түшкөн. 

"Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келгенде, аялдар айтышып кетип, 56 жаштагы аял көкүрөгүнө бычак жегенин аныкташкан", — деп билдиришти шаардык милиция. 

Октябрь райондук милициясы ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзгөндөн кийин, Новопокровка айылында жашаган 64 жаштагы аялды кармап, Бишкектеги №1 убактылуу кармоо жайына камашты.

 

 

 

 


Жаңылыктар түрмөгү
0