Бишкектин тургуну уурдап кеткендердин чеңгелинен балкондон секирип кутулган

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүИмаратта ремонт иштери. Архив
Имаратта ремонт иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектелген жарандар курмандыгын уурдап барып, бычак менен коркутуп, акча талап кылышкан.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. 12-августтан 13-августка караган түнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кызматкерлери 19, 24 жана 26 жаштагы жарандарды адам уурдаган деген шек менен кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Уурдалып бараткан киши буту багаждан чыгып калгандыктан куткарылды
Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 22-июлунда кечки саат тогуздар чамасында "Миң түркүн" дүкөнүнүн жанында турган 21 жаштагы жаранды славян улутундагы бейтааныш киши өзүн милиция деп тааныштырып, аны менен келүүсүн өтүнгөн. Аны машинага салып, Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирге алып келген. Машинанын ичинде үч киши болгон. алар 21 жаштагы жаранды бычак менен коркутуп сабап, 30 миң сом талап кылышкан. Туугандарына чалып, көңүл ачуу жайына карыз болуп калганын айтып, бул сумманы тезиреек табуусун талап кылышкан. Корккон жаран эжесине чалганда ал буга ишенбей, акча бербей турганын айткан.

23-июлда эртең менен 7:30да 21 жаштагы жаран учурдан пайдаланып, ачык турган терезеден секирип, тосмого илинип калган. Тигилер аны кулап өлдү деген ой менен батирден качып кетишкен. Бишкек шаарынын тургуну илинип калган жеринен чыгып, милицияга кабар берген.

Свердлов РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде аталган ишке шектүү деп 19 жаштагы Шамиль, 24 жаштагы Алексей жана 26 жаштагы Артур кармалган. Алардын баары тең Бишкек шаарынын тургундары. Сурак учурунда жасаган кылмыштарын моюнуна алышкан. Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0