Чоң-Өрүктүдөгү өлүм айылдык кишини сууга киргизбей койгондон келип чыккан

Жазылуу
Окуя бүгүн күндүзгү саат 12лерге чукул болгон. Каза болгон киши жылуу суу чыккан жерге барса, кожоюну киргизбей урушуп кетишет.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Чоң-Өрүктү айылындагы жер алдынан чыккан ысык суусу бар аймакка киргизбей койгондуктан, чыр чыгып, чатактан коңшу айылдын 28 жаштагы жашоочусу каза болгон. Ага катыштыгы бар деп шектелгендердин төртөө Ысык-Көл райондук ИИБдин убактылуу кармоо жайына отургузулду. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине Ысык-Көл районунун акими Раимбек Имангазиев билдирди.

"Окуя бүгүн күндүзгү саат 12лерге чукул болгон. Каза болгон киши радон суусу чыккан жерге барса, кожоюну киргизбей урушуп кетишет. Атасы дагы эки баласын чакырып,  алар үчөө-төртөөлөп келген кишини сабап коюкан. Токмок жеген киши качып баратканда, бирөөсү артынан таш менен чаап жиберип, талуу жерине тийген окшойт, каза болуп калыптыр",— деп билдирди Sputnik маалымат агенттигине Ысык-Көл районунун акими Имангазиев. 

Акимдин айтымында, каза болгон адам 28 жаштагы коңшулаш Кичи-Өрүктү айылынын жашоочусу болгон. Ал жарат алгандан кийин, ооруканага жетпей жолдо каза болгон. 

"Азыр эл менен сүйлөштүк, жергиликтүү жашоочулар суу чыккан жерди айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү талабын айтышты", — деди Имангазиев.

Акимдин айтымында, жер алдынан чыккан сууга кожоюндук кылган киши ал аймакты тосуп, боз үй тигип, келген элден акча алып, ишкерлик менен алек болуп келген. 

Бүгүн өкмөт башчысы Темир Сариев иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн ички иштер министри Мелис Турганбаевге, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевге чатак болгон жерге барып, окуянын чоо–жайын билүүгө тапшырма берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0