Бишкектин тургунун уурдап барып, 15 миңден ашык долларын тартып алгандардын бирөө кармалды

Жазылуу
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 123-беренеси (Сүйлөшүп алып адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери адам уурдоого шектелген топтун мүчөсүн кармашты.

2015-жылдын 30-июлунда Октябрь РИИБине шаар тургуну кайрылган. Аны белгисиз төрт киши Малдыбаев көчөсүндөгү үйүнүн короосунан түшкү саат 2:30дар чамасында күч колдонуп машинага салып кетишкен. Белгисиз жерге алып келип, коркутуу жолу менен 15 миң 600 долларын жана 10 миң сомун тартып алып, изин жашырышкан. 

Уурдалып бараткан киши буту багаждан чыгып калгандыктан куткарылды
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 123-беренеси (Сүйлөшүп алып адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмыш ишине тийиши бар деген шек менен 31 жаштагы жаран кармалган. Учурда анын жан жөкөрлөрүн кармоо аракеттери көрүлүүдө.

Буга чейин Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кызматкерлери адам уурдаган деген шек менен Бишкек шаарынын үч тургунун кармашкан. Алар аны коркутуп акча талап кылган. Туткундагы киши ачык турган терезеден секирип кетип кутулган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0