Бишкек-Ысык-Көл автоунаа жолу Боом  капчыгайынан өтөт. Архив

Боомдо кайрадан шагыл түшүү коркунучу жаралды

133
(жаңыланган 20:01 14.08.2015)
Уезбаевдин айтымында, жума күнү жамгырдан улам жер кыртышы түшө баштаган.

БИШКЕК, 14-авг — Sputnik. Жамгырдан улам, Боомдогу тоо тектери чекесинен эшилип түшүп жатат деп билдирди Sputnik маалымат агенттигине транспорт жана байланыш министринин орун басары Улан Уезбаев.

Боом капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек — Балыкчы жолунун 131-чакырымында шаршемби күнү кум, шагыл эшилип түшүп, автожолду бөгөп калган. Анын кесепетинен бир нече чакырымга созулган автотыгын пайда болуп, эл бир нече сааттап жолдо калган. Жол ошол күнү кечке жуук тазалана баштап, алгач 5-10дон автоунаалар жүрүп, каттам жанданган. Бейшемби күнү трасса дээрлик тазаланып бүткөн. 

Уезбаевдин айтымында, жума күнү жамгырдан улам жер кыртышы кайрадан түшө баштаган.

"Ал жерде техникалар нөөмөттө турушат, жол ачык, эл ары-бери каттап жатат. Эгерде кандайдыр бир коркунучтар байкалса, жолду дароо 10 мүнөткө жаап, кыймылды токтотобуз", — деди Уезбаев.

Аткаминердин айтымында, ал Боомдон эртең менен эле келген, бирок азыр кайра жөнөп жатат. Мурда окуя болгон жерде тоо тектеринин кайрадан түшүү коркунучу бар. Учурда ал жерде алты жүктөгүч, жүк ташуучу үч техника жана бир автогрейдер иштеп жатат.

133
Белгилер:
Боом, Улан Уезбаев, кум, окуя, шагыл, автотыгын
Тема:
Боом капчыгайына түшкөн кум, шагыл жолду тосуп калды (14)
Тема боюнча
Чаң, кыйкырык — Боом капчыгайындагы тоодон кулаган кум-шагыл жолду тосуп калды
Боом капчыгайы толук тазаланды
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

52
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

52
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео

Жаалданган куруучу өнбөгөн карызы үчүн өзү курган тамды талкалап салды. Видео

286
Германияда көп кабаттуу үйдү салган адам акчасын төлөбөй койгондугу үчүн тамдын айнектерин жана балкондорун экскаватордун сузгучу менен талкалап салды. Муну ал өч алуу деп атаган.

Немец басылмалары окуя Блумберг шаарында болгонун жазышты. Имараттын жана анын жанындагы гараждардын чыгымы жарым миллион еврого бааланууда.

47 жаштагы "өч алгыч" субподрядчы болгон. Анын айтымына караганда, анын компаниясына 5 миллион евролук жумуштун акысын төлөп бербей коюшкан. Үй куруу үчүн башка техникаларды ижарага алып иштеткендиктен аларга да карыз болуп кеткен.

Экскаватор менен "өч алуу процессин" бүтүргөндөн кийин автоунаасына отуруп алып, полиция тилкесине барып, окуяны төкпөй-чачпай айтып берген. Тартип сактоочулар кийинчерээк ал адамдын бөтөн мүлктү талкалаганы үчүн жооп бере тургандыгын билдиришкен. Анткен менен ФГРдин мыйзамдары боюнча, ал адамдын иштери кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол бербейт.

286
Белгилер:
Германия, курулуш, өч алуу, полиция
Тема боюнча
Иштен бошотулган киши Mercedes заводунда 50 автоунааны талкалап салды. Видео