Бишкектин тургундары өз ыктыяры менен граната, ок-дарыларды тапшырды

Жазылуу
"Арсенал" ыкчам-профилактикалык иш-чарасынын жыйынтыгы чыгарылды

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургундары 8 даана курал-жарак, граната жана 35 ок-дарыларды өз ыктыяры менен тапшырганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

7-13-август күндөрү "Арсенал" аттуу ыкчам-профилактикалык иш-арасы жүргүзүлдү. Бул ишке 700гө жакын милиция кызматкери тартылган. Алар 3 даана курал-жарак (бирөө Калашников автоматы) жана 125 ок-дары табышкан.

Мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү боюнча 68 жаран административдик жоопко тартылган. Салынган айып пул 19 800 сомду түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0