Балык уулоого чыгып, дайынсыз жоголгон жаран үч жумадан бери табыла элек

Жазылуу
Токуров үстүбүздөгү жылдын 28-июлунда Нурланбек Маматалиев менен чыккан. 30-июлда Маматалиевдин туугандары анын жансыз денесин дарыядан табышкан.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата дарыясына балык уулоого барып, дайынсыз жок болгон 60 жаштагы Аккуш Токуров ушу күнгө чейин табыла электигин ӨКМ билдирет.

Маалыматка ылайык, Токуров үстүбүздөгү жылдын 28-июлунда Нурланбек Маматалиев менен чыккан. 30-июлда Маматалиевдин туугандары анын жансыз денесин дарыядан табышкан. 

Ушу тапта тогуз куткаруучу Токуровду издөө иштерин жүргүзүп жатышат, азырынча эч натыйжа жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0