Бишкек-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам каза болду

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда машина унаа токтотуучу жайга киргизилди. Экспертиза дайындалып, жол кырсыгынын чоо-жайы иликтенип жатат.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкек-Торугарт унаа жолунда жеңил машинанын айдоочусу адамды сүзүп кеткенин Чүй ОИИБ билдирет.

Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды
Кырсык 14-августта болжол менен түнкү саат 10до Бишкек-Торугарт жолунун 85-чакырымында болгон. "Тойота-Авенсис" унаасынын 48 жаштагы айдоочусу Кемин районунун 50 жаштагы тургунун коюп кеткен. Алган жараттарынан улам ал ошол жерден каза болгон.

Учурда машина унаа токтотуучу жайга киргизилди. Экспертиза дайындалып, жол кырсыгынын чоо-жайы иликтенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0