Таластагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жетекчилигине карата кылмыш иши козголду

Жазылуу
Текшерүү учурунда Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматчылары документтерди жасалмалоо менен 265 миң сом өлчөмүндөгү каражатты өзүнө ыйгарып алганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Таластагы Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жетекчилигине карата кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирет. 

Облсот Мырзакматовго карата өкүмдү күчүндө калтырды
Маалыматка ылайык, Бакай-Ата райондук прокуратурасы УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы менен бирге иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматчылары документтерди жасалмалоо менен 265 миң сом өлчөмүндөгү каражатты өзүнө ыйгарып алганын аныктаган. 

Аталган факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш жаза кодексинин ишенип берилген мүлктү сарптоо же өзүнө ыйгарып алуу жана документтерди жасалмалоо беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0