Чычкандагы өрттү өчүрүүгө Токтогул ГЭСинин коопсуздук кызматы жардамдашууда

Жазылуу
Өрт өчүрүүгө 500дөн ашуун адам тартылган, анын ичинде милиция кызматкерлери жана муниципалдык орган өкүлдөрү да бар.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук гвардиясы Чычкандагы өрттү өчүрүүгө  Токтогул ГЭСи — стратегиялык объектинин коопсуздук кызматынан 30 адам жибергенин Sputnik агенттигине Улуттук гвардиянын тарбия иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Мырзабаев билдирди.

Жалал-Абад облусундагы Чычкан капчыгайында өрт 13-август күнү башталган. Учурда алдын ала маалымат боюнча 100 гектар жер күйүп жатат. Өрт өчүрүүгө 500дөн ашуун адам тартылган.

Мырзабаевдин айтымында, Улуттук гвардия эгер керек болсо дагы 30 адам жиберүүгө даяр.

"Биздин оюбузча, аймакка өзгөчө кырдаал режимин киргизүү керек. Бул кырсыкты жоюуга адам ресурсун көбүрөөк тартууга мүмкүнчүлүк берет", — дейт ал.

Капчыгайдагы өрттү өчүрүүгө Кара-Көл шаарынын сегиз милиция кызматкери жана 30 муниципалдык орган өкүлдөрү тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0