Боронов: Чычкандагы кооптуулукту күйүп жаткан чымдар жаратып жатат

Жазылуу
Өткөн аптада Чычкан капчыгайында башталган өрт али күнчө өчө элек. Өрткө чулганган аймак 100 гектарга чукулдап калды.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Чычкандагы негизги кооптуулукту жалбырак, кургак чөптөрдөн тапталып отуруп пайда болгон чым жаратып жатат деп билдирди Sputnik маалымат агенттигине ӨКМ Кубатбек Боронов.

ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чычкандагы өрттү өчүрүүгө Токтогул ГЭСинин коопсуздук кызматы жардамдашууда
Өрт Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагындагы Чычкан капчыгайында 2015-жылдын 13-августунда саат 16:17 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 251-253-чакырымдарында башталган. 

ӨКМ башчысы бул тилсиз жоонун чыгышына эмне себеп болгондугу азырынча белгисиз экендигин айтты. Өрт жалбырак, кургак чөптөрдөн тапталып отуруп жаралган чымга өтүп, аны өчүрүү бир топ татаалдыкты жаратууда. 

"Өрткө каршы күрөк, кетмен, кумду пайдаланып, айланта аңгектерди казып, башка аймакка өтүп кетишинин алдын алып жатабыз",— Боронов.

Анын айтымында, өрттү өчүрүүгө ӨКМдин үч облустагы кызматкерлери, Улуттук Гвардиядан жана ИИМдин Кара-Көлдөн келген аскердик күчтөр, өрткө каршы кызматтын бардык курамы катышып жатат. 

"Учурда капчыгайда өрттү жергиликтүү 60 жашоочу, андан сырткары ӨКМдин жеке курамындагы дагы 205 кызматкери өчүрүп жатат. Ал жерде Өрткө каршы агенттиктин жетекчиси жүрөт. Түштөн кийин мен ал жерде болуп калам", — деди министр. 

Боронов түндө Чычкандагы абал боюнча ӨКМде шашылыш жыйын өткөндүгүн кошумчалады. 

Кургак чөптөрдөн, жалбырактардан тапталып отуруп чым пайда болгон жерлерге өрт жабышса, көпкө күйөт жана аны өчүрүү бир топ машакаттуу иш. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону башка аймакка өтпөшү үчүн аны айланта аңгек казып же суунун нугун алып келип, айланта агызып коюшат.

Жаңылыктар түрмөгү
0