Чек арадан ок-дары алып өтүүгө аракет кылган казак жараны кармалды

© пресс-служба ГПС КРЧек арадан өтүүгө аракет кылган казак жарандын табылган ок-дарысы. Архив
Чек арадан өтүүгө аракет кылган казак жарандын табылган ок-дарысы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин ок-дары салып жүргөн жаран ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң — Автодорожный" өткөрүү пунктунда 12 миллиметр калибриндеги куралдын 56 огу табылганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ок-дары Казакстандын жаранына тиешелүү "LEXUS" унаасын текшерүү учурунда табылган. Кармалган адам Кыргызстандан Казакстанга өтүүгө аракет кылганы аныкталды.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин ок-дары салып жүргөн жаран ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0