Бомба салынды делген баштыктын ичинен кийим-кече чыкты

© Sputnik / Эркин АлымбековКиев менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде бомба бар деп шектелген баштык
Киев менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде бомба бар деп шектелген баштык - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түшкү саат экилер чамасында УКМК саперлору аймакты текшерип чыгышты. Баштыктан кийим-кечеден башка эч кандай жарылуучу зат табылган эмес.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде бомба бар деп шектелген баштыктын ичинен кийим-кече табылганын ИИМ билдирди.

Бомба коюлду деген шек менен Турусбеков-Киев көчөлөрүнүн кесилиши курчоого алынды
Маалымат боюнча, болжол менен саат 11.55те аталган аймактагы бак-дарактардын арасында шектүү баштык жатканы тууралуу кабар келип түшкөн. Көчөлөрдүн кесилиши курчоого алынып, коопсуздук чаралары көрүлгөн.

Түшкү саат экилер чамасында УКМК саперлору аймакты текшерип чыгышты. Баштыктан кийим-кечеден башка эч кандай жарылуучу зат табылган эмес.

Sputnik агенттигинин кабарчысы окуя болгон жерден аталган көчөлөрдүн кесилишиндеги курчоо алып салынганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0