Чычкандын бийик тоолуу жерлериндеги өрттү куткаруучулар тобу өчүрөт

© пресс-служба МЧС КРЧычкан капчыгайындагы өрт. Архив
Чычкан капчыгайындагы өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта Казакстандан келген МИ-24Т тик учагы капчыгайдын Канышай аймагында өрт өчүрүүнү улантып жатат. Окуя болгон жерде ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов кырдаалга көзөмөл жасоодо.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Чычкан капчыгайынын жетүүгө кыйын болгон жерлерине өрт өчүрүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу жеткирилип жатканын аталган мекеме билдирет.

Буга чейин Чычкан капчыгайындагы Өрүктү жана Арым участкаларында тогуз күндөн бери алоолоп жаткан өрт өчүрүлгөнү маалымдалган.

"Учурда бийик тоолуу аска-зоо аймактарындагы өрттү өчүрүү үчүн ӨКМ куткаруучуларынын бир нече тобу даярдалууда. Топторду аталган жерге Башкы штабдын МИ-8 тик учагы жеткирет", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар бардык тийиштүү инвентарь менен жабдылган. Азыркы тапта Казакстандан келген МИ-24Т тик учагы капчыгайдын Канышай аймагында өрт өчүрүүнү улантып жатат. Окуя болгон жерде ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов кырдаалга көзөмөл жасоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0