Сууда сактоочу посту. Архив

Сууга чөгүп кеткен эки баланын бири табылып, экинчиси изделүүдө

77
(жаңыланган 18:02 24.08.2015)
Даниярдын жансыз денесин 21-август күнү эртең мененки саат 7.00дө сугатчылар арыктан таап, туугандарына өткөрүп беришкен. Ал эми аны менен кошо сууга чөгүп кеткен 9 жаштагы Бахром Каримовду издөө ушу күнгө чейин улантылууда.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 19-августунда Ново-Покровка айылындагы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен эки баланын бири — 11 жаштагы Данияр Абдуллаевдин денеси табылганын ӨКМ билдирет.

Маалыматка ылайык, Даниярды 21-август күнү эртең менен сугатчылар арыктан таап, туугандарына өткөрүп беришкен. Ал эми аны менен кошо сууга чөгүп кеткен тогуз жаштагы Бахром Каримовду издөө ушу күнгө чейин улантылууда.

Мындан тышкары, Ысык-Көлдүн Григорьевка айылында мүмкүнчүлүгү чектелген 14 жаштагы кызды куткарып, өзү сууга агып кеткен Памир Исмаевди жана Ново-Покровка айылындагы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен Ысык-Көлдүн 16 жаштагы тургуну Жаныбек уулу Азизди ишдөө иштери улантылып жатканын ӨКМ билдирди.

77
Белгилер:
куткаруучулар, канал, Суу, ӨКМ, Ысык-Ата
Тема боюнча
Сууга чөгүп кеткен эки адамдын бири табылып, экинчиси изделүүдө
Бир күндө эки адам сууга чөгүп кетти
ГЭС-3 көлүнө малчы чөгүп кетти
Пикирлер