Чычкандагы өрттүн 80 пайызы өчүрүлдү

© пресс-служба МЧС КРЧычкан капчыгайы. Архив
Чычкан капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чычкан капчыгайынын жетүүгө кыйын болгон жерлерине өрт өчүрүү үчүн МИ-8 тик учагы менен 45 адам күйүп жаткан бийик тоолуу аймакка жеткирилди. Куткаруучулар бардык тийиштүү жабдуулар менен катылган. Аба кемелери тик учактар үчүн күйүүчү майды өз убагында жеткирүүдө.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Алдын ала маалыматтарга ылайык, учурда Чычкан капчыгайындагы өрттүн 80 пайызы өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирет.

Буга чейин капчыгайдын Өрүктү жана Арым тилкелеринде өрт өчүрүлүп, Бишкек-Ош жолунун 262- чакырымындагы Канышай аймагында өрт өчүрүү иштери улантылып жатканын кабарланган.

Чычкандын бийик тоолуу жерлериндеги өрттү куткаруучулар тобу өчүрөт
Бүгүн Канышай тилкесине эки рейс жасалып, 16 тонна суу чачылды. Жалпысынан МИ-26Т тик учагы менен 16 рейс жасалып, 100 тоннадан ашуун суу пайдалынылды.

Чычкан капчыгайынын жетүүгө кыйын болгон жерлерине өрт өчүрүү үчүн МИ-8 тик учагы менен 45 адам аймакка жеткирилди. 

Маалыматка ылайык, куткаруучулар бардык тийиштүү жабдуулар менен камтылган. Аба кемелери тик учактар үчүн күйүүчү майды өз убагында жеткирүүдө. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолордогу эс алуучуларга жана мал баккан чабандарга өрт коопсуздугунун эрежелерин сактап, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуусун эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0