Сууга агып, бир нече күндөн бери изделип жаткан жарандын сөөгү табылды

Жазылуу
Суучулдар 23-август күнү Чоң Чүй каналынан баланын сөөгүн алып чыгып, Ысык-Ата РИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Ново-Пакровка айылындагы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен Жаныбек уулу Азиздин денеси табылганын ӨКМ билдирет.

Каналдын жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сууга чөгүп кеткен эки адамдын бири табылып, экинчиси изделүүдө
Маалыматка ылайык, алты күндөн бери изделип жаткан жаран Ысык-Көлдүн тургуну болгон. 23-август күнү саат 12.23тө суучулдар сөөктү Чоң Чүй каналынан алып чыгып, Ысык-Ата РИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми Ысык-Көлдүн Григорьевка айылында мүмкүнчүлүгү чектелген 14 жаштагы кызды куткарып, өзү сууга агып кеткен Памир Исмаевдин денесин издөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0