Ысык-Көлдө мамлекеттик парктын жерлерин тендердик комиссиянын мүчөлөрү бөлүп алган

© Сергей Ершов, КыргызстанМамлекеттик "Каракол" жаратылыш паркы. Архив
Мамлекеттик Каракол жаратылыш паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каракол тоо лыжа базасынын жанында жайгашкан жер тилкелерин 66 лот боюнча комиссия мүчөлөрү өздөрүнө жана жакын туугандарына бөлүп беришкен.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда Мамлекеттик "Каракол" жаратылыш паркынын жер тилкелери конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө жана алардын туугандарына мыйзамсыз берилгени аныкталганын Коррупцияга каршы кызматы билдирет.

ИИМ: Аламүдүндө 23 гектар жер тилкеси мыйзамсыз берилген
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик "Каракол" жаратылыш паркынын конкурстук комиссиясынын курамына аталган ишкананын кызматкерлери кирип, жер тилкелерин бөлүштүргөн. Натыйжада 66 лот боюнча жер тилкелери комиссия мүчөлөрүнө жана алардын жакын туугандарына 49 жылдык ижара менен берилген. Мында эрежеде каралган беш жылдык сыноо мөөнөтү алынып салган.

Бөлүштүрүлгөн жер тилкелери Каракол тоо лыжа базасынын жанында жайгашкан.

Учурда бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 305-2-беренесинин (КРlдин жер жөнүндө бузуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0