Кадамжайда торпок сойгон эки киши күйдүргү оорусун жуктуруп алды деп шектелүүдө

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАнализ өткөрүү. Архив
Анализ өткөрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорунун очогунда дарттын жайылышынын алдын алуу, эпидемиялык иликтөө иштери улантылууда. Жергиликтүү элдин арасында "күйдүргү" боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Баткендин Кадамжай районундагы Халмион айыл аймагында күйдүргү дартына шектелип, эки киши аймактык ооруканага жаткырылганын ӨКМ билдирет.

Карантин тактачасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башы жайлоосунда күйдүргүнүн очогу табылып, карантин жарыяланды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-августунда Чекелик айылынын тургуну Исмат Алибаев талаада Наргиза Мойдунованын торпогун союшкан. Алты күндөн кийин дарыгерлерге кайрылып, райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

Ош шаардык санэпидемкөзөмөл борбору анализдер боюнча "күйдүргү" деген корутунду чыгарган. Ветеринардык кызматтын адистеринин корутундусу бүгүн, 25-августта чыгат. Ушу тапта оорулуулардын абалы жакшы, дарылануудан өтүп жатышат. 

Оорунун очогунда дарттын жайылышынын алдын алуу, эпидемиялык иликтөө иштери улантылууда. Жергиликтүү элдин арасында "күйдүргү" боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0