Адашып дайынсыз кеткен чек арачыны издөө иштери улантылууда

Жазылуу
Издөө иштерине Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев жетекчилик кылып жатканы айтылууда. Учурда издөө топторунун саны көбөйтүлүп, издөө аймагы кеңейди. Жергиликтүү тургундар жана башка структуралардын кызматкерлери тартылды.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ош облусундагы "Карамык" чек ара заставасында нөөмөт учурунда адашып кеткен чек арачыны издөө иштери бүгүн да улантылып жатканын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.

Чек арачылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жоголуп кеткен чак арачы изделүүдө
Маалыматка ылайык, чек ара бөлүмү Чоң-Алай районунун Бөк-Башы ашуусунда кызмат өтөп жүргөн. Мекеме ошол маалда кар аралаш жамгыр жаап, аймакты тумак каптап, абанын температурасы 5…7 градусту түзүп турганын белгилейт. Чек арачы нөөмөттө тургандыктан, жанында Калашников автоматы болгон.

Издөө иштерине Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев жетекчилик кылып жатканы айтылууда. Учурда издөө топторунун саны көбөйтүлүп, издөө аймагы кеңейди. Жергиликтүү тургундар жана башка структуралардын кызматкерлери тартылды.

Окуя тууралуу Тажикстандын Чек ара кызматына кабар берилип, алар өз аймагында издөө иштерин жүргүзүүдө.

Ушу тапта аталган факт боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан иликтөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0