Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбүз деп акча талап кылгандар колго түштү

Жазылуу
Иликтөө иштеринин натыйжасында 26-август күнү мурда соттолгон 32 жаштагы, ошондой эле анын 34 жана 28 жаштагы шериктери кармалган. Алардын республиканын түштүк аймагынан келип, Бишкекте жашары белгилүү болду.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүбүз деп тааныштырып, шаар тургунунан акча каражатын талап кылган үч жаран кармалганын Бишкек ШИИБ билдирет. 

Улуттук валютаны колго берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзүн УКМК кызматкерлерибиз деп тааныштырып, жарандарды тоногон кылмыштуу топ кармалды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-августунда милицияга белгисиз адамдардын андан 4500 доллар өлчөмүндө талап кылганы туурасында арыз түшкөн.

Аталган факт боюнча тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында 26-август күнү мурда соттолгон 32 жаштагы, ошондой эле анын 34 жана 28 жаштагы шериктери кармалган. Алардын республиканын түштүк аймагынан келип, Бишкекте жашары белгилүү болду.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга камалып, учурда тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0