Тестиер кыздарды мыйзамсыз окутуп жүргөн "Хизб ут-Тахрир" уюмун жактоочу аял кармалды

© AFP / ABBAS MOMANIХизб ут-Тахрир желеги. Архив
Хизб ут-Тахрир желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын үйүн тинтүү учурунда"Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун адабияттары табылган.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Ош шаарынан тестиер кыздарды (4-9 жаштардагы) диний ишенимдерге мыйзамсыз окутуп жүргөн аял кечээ, 27-августта кармалганын Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik агенттигине билдирди.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Хизб ут-Тахрирдин" мүчөсү Бишкектин жанында кармалды
Маалыматка ылайык, кармалган аял "Хизб ут-Тахрир" эстремисттик уюмунун жактоочусу болгон. Аял 4-9-жашар кыздарды мыйзамсыз окутуп келген. Анын үйүн тинтүү учурунда диний-экстремисттик маанайдагы адабияттар табылган.

Учурда кармалган аялдын баш коргоо чарасы каралууда.

"Хизб ут-Тахрир" — Кыргызстанда тыюу салынган эстремисттик уюмдардын катарына кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0