Ошто унаа оңдоочу жайдан ок-дары табылды

© пресс-служба УВД Ошской областиАвтоунаа оңдоочу жайдын жер төлөсүнөн табылган ок-дарылар.
Автоунаа оңдоочу жайдын жер төлөсүнөн табылган ок-дарылар. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Топтолгон материалдар Ош облустук ички иштер башкармалыгында катталып, кылмышка шектүү катары унаа оңдоочу жайдын ээси убактылуу кармоочу жайга камалды.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда 29 жаштагы жергиликтүү тургунга тиешелүү автоунаа оңдоочу жайдын жер төлөсүнөн ок-дарылар табылганын ИИМ билдирет. 

Автомат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин тургундары өз ыктыяры менен граната, ок-дарыларды тапшырды
Маалыматка ылайык, тинтүү иштери Ош сотунун санкциясы менен жүргүзүлүп, эки кытай өндүрүшүнөн чыккан тапанча, каттоо белгиси өчүрүлгөн "РГД-5" үлгүсүндөгү жардыруучу зат, анын запалы, колго жасалган 12 калибрлүү курал, 30 даана 5,45 милиметрлүү ок, бет кап, кол кап, фонарь, эки метрлик аркан жип табылган.

Топтолгон материалдар Ош облустук ички иштер башкармалыгында катталып, кылмышка шектүү катары унаа оңдоочу жайдын ээси убактылуу кармоочу жайга камалды. 

Учурда тергөө иштери улантылууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0