Чоң-Арыкта тоо этегиндеги кургак чөп күйүп жатат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүӨрт. Архив
Өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Чоң-Арыкта өрт өчүрүүчүлөр иштөөдө. ӨКМдин аталган район боюнча жетекчиси өрттөнүп жаткан жерге чыгып кетти.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Чоң-Арык айылына жакын тоо этегиндеги кургак чөп күйүп жатканын Sputnik агенттигине ӨКМдин нөөмөтчүсү Каныбек Кулбаев билдирди.

© Sputnik / Михаил ДудинВид из города на пожар в селе Чон-Арык
Вид из города на пожар в селе Чон-Арык  - Sputnik Кыргызстан
Вид из города на пожар в селе Чон-Арык

Анын айтымында, учурда 100 чарчы метр жер өрткө кабылган. ӨКМ Аламүдүн району боюнча жетекчиси өрт болгон жерге кийинки аракеттерди аныктоо үчүн чыгып кетти. От менен өрт өчүрүүчүлөрдүн бир нече тобу алышып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0