Эсин жоготкон кыз.

Майрамдык концерт учурунда эки кыз эстен танып жыгылды

2051
(жаңыланган 15:04 31.08.2015)
Эсин жоготкон кыздарга коопсуздук кызматы дароо чара көрүп, аянттан алып чыгып кетти.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүктүн 24 жылдыгын майрамдоо учурунда концертке катышып жаткан эки кыз эстен танып жыгылды.

31-август Кыргызстандын эгемендик алган күнү. 1991-жылы дал ушул күнү Кыргызстан өзүнүн суверинеттигин расмий түрдө жарыялаган.

Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатканда концерттик программага катышып жаткан эки кыз эстен танып жыгылды. Алардын бирөөнө коопсуздук кызматкерлери жардам берсе, экинчи кызды мугалими аянттан алып чыгып кетти.

Бүгүн кечинде Ала-Тоо аянтында Дима Билан, Григорий Лепс, Вера Брежнева, Сплин, Ottawan жана "Город 312" тобу майрамга келген элдин көңүлүн көтөрөт. Ошондой эле, аларды кыргыз эстрада ырчылары да коштойт. Концерт кечки саат 18:30да башталат.

Майрамдык концерт 10 мүнөттүк салют менен аяктайт.

2051
Белгилер:
Ала-Тоо аянты, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү, Бишкек
Тема:
Кыргызстандын көз карандысыздык күнү (30)
Тема боюнча
Болочок офицерлер Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик гимнди аткарышты
Араб мамлекеттеринин падышалары Кыргызстанды Эгемендик күнү менен куттукташты

Каракчылыкка шектүүнү Бишкекте спецназ кармады. Видео

183
(жаңыланган 23:09 02.12.2020)
Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бишкекте Криминалдык милициянын кызматкерлери спецназ жоокерлери менен биргеликте мыкаачылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.

Кармоо учурундагы видеону Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү "Жер ынтымагы" конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыйынтыгында 32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

183
Белгилер:
шектүү, каракчылык, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды
Кары киши. Архивдик сүрөт

Беш айдан бери дайынсыз. Чүйдө 61 жаштагы киши изделүүдө

21
(жаңыланган 16:28 02.12.2020)
Издөө салынган киши күрөң түстөгү свитер, жеңи кыска көйнөк, көк түстөгү спорттук шым, кара туфли жана башына кара кепка кийип жүргөн.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Чүйдө беш айдан бери 61 жаштагы киши изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. 

Без вести пропавший Сулайманов Сайдали
© Фото / пресс-служба ОВД Московского района
Жоголуп кеткен 61 жаштагы Москва районунун Беш-Терек айылынын жашоочусу Сайдалы Сулайманов

Ага ылайык, жоголгон Сайдалы Сулайманов Москва районунун Беш-Терек айылында жашачу. Ал үйүнөн 2020-жылдын 15-июнунда чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Изделип жаткан кишинин бою 170-175 сантиметр, чачын ак баскан, кыска. Көздөрү кара, кашы калың. Ал күрөң түстөгү свитер, жеңи кыска көйнөк, көк түстөгү спорттук шым, кара туфли жана башына кара кепка кийип жүргөн.

Дайынсыз жоголуп жаткан киши тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, Чүй ОИИБ (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85 телефондоруна, ал эми Москва райондук ИИБ (0312) 60-77-27, 0550 22-17-17,0707 54-21-71 номерлерине чалып коюуну өтүндү.

21
Белгилер:
Чүй облусу, милиция, белги, издөө
Тема боюнча
Баткенде жоголгон аял Өзбекстан менен Тажикстандан да изделип жатат. Сүрөт