Лейлекте чек арадан 590 ок менен тажик жараны кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОк-дары. Архив
Ок-дары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана андан табылган ок-дары укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүлдү.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Лейлек районунун Интернационал аймагында ок-дары алып өтүүгө аракет кылган тажик жараны кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, чек арачылар кармалган жарандын жанынан 590 даана аңчылык огун, анын ичинен 450 даана 16 калибрлүү жана 140 даана 12 калибрлүү ок жана 450 грамм дары табышкан. 

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана андан табылган ок-дары укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0