Түптө чек араны бузган 6 казакстандык жаран кармалды

Жазылуу
Текшерүү учурунда алардын чек ара аймагында жүрүүгө уруксат берген документтери жок болуп чыккан.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында Ысык-Көлдүн Түп районундагы Сары-Булак аймагында чек ара тартибин бузган алты казакстандык жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда алардын чек ара аймагында жүрүүгө уруксат берген документтери жок болуп чыккан.

Казакстандык жарандар Кыргызстандык Административдик кодексинин 389-беренесине ылайык администрациялык жоопко тартылышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0