Таласта 6000 кой-эчки жайлоодо кар алдында калды

© Sputnik / Табылды КадырбековТалас облусунун автожолундагы арка. Архив
Талас облусунун автожолундагы арка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошол эле күнү кечки саат 6.30 Кең-Арал айыл аймагынын жетекчилиги жайлоого эки КамАЗга жүктөлгөн 600 түк тоют жөнөттү.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Талас районуна 3-сентябрда калыңдыгы беш сантиметрге жеткен кар жааганын ӨКМ билдирет. 

Төө-Ашуу ашуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөктө кар жаап жатат
Мындан улам, райондогу Айдаралиев айыл аймагында 300 гектардагы дан эгини жана 900 гектардагы чөп кар алдында калган. Ал эми Осмонкулов айыл аймагында 50 гектарда арпа жана 500 гектарга эгилген картошка калды.

Мындан тышкары, облустун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылынын Сумсар жайлоосунда жергиликтүү жашоочулардын алты миң кой-эчкиси кар алдында калган.

Ошол эле күнү кечки саат 6.30 Кең-Арал айыл аймагынын жетекчилиги жайлоого эки КамАЗга жүктөлгөн 600 түк тоют жөнөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0