Бишкек – Ош жолунда оодарылып кеткен унаадагы нефть Кара-Балта суусуна төгүлдү

© пресс-служба МЧС КРБишкек — Ош жолунда 40 тонна жүк менен оодарылып кеткен унаа.
Бишкек — Ош жолунда 40 тонна жүк менен оодарылып кеткен унаа. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жайыл райондук санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борбору суунун ичүүгө жарактуулугун аныктоо үчүн анализ жүргүзүүсү күтүлүүдө.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкек – Ош унаа жолунун 110-чакырымында мунай зат ташып бара жаткан "Даф" үлгүсүндөгү унаа оодарылып, андагы 34 тонна нефтинин үч тоннасы жолдун жээгине, дагы азыраак бөлүгү Кара-Балта суусуна төгүлгөнүн ӨКМ билдирди.

Ош – Бишкек жолунда унаа оодарылып, 40 тонна мазут төгүлдү
Маалыматка ылайык, унаа Кочкор-Ата шаарынан Кара-Балтага келе жаткан. Окуя болгон жерге ӨКМнин Жайыл райондук бөлүмүнүн башчысы жана жол кайгуул кызматкерлери барып, унаа жеке менчик крандын жардамы менен тургузулган.

Унааны 28 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Исакжанов аттуу жаран башкарып келе жаткан. Жол кырсыгынан жабыркагандар болгон жок.

Жайыл райондук санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борбору суунун ичүүгө жарактуулугун аныктоо үчүн анализ жүргүзүүсү күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0