Жогорку сот Данияр Нарымбаевди камакта калтырды

Жазылуу
Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев экс-депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан анын камакка алынган мүлкү боюнча ишти оң жагына чечип берүүгө жардам берем деп пара алган деген шек менен эки айга камакка алынган.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Данияр Нарымбаевди эки айга камакта калтыруу чечими күчүндө калганын Жогорку сот билдирди.

Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Данияр Нарымбаев коррупцияга шектелип кармалды
Маалыматка ылайык, Жогорку сот бүгүн, 9-сентябрда Нарымбавге карата бөгөт коюу чарасын карап, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015-жылдын 23-июлундагы токтомун күчүндө калтырды. Анда Нарымбаевди тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө камак жайына эки айга, 2015-жылдын 15-сентябрына чейин кармоо чечими кабыл алынган.

Президент аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев экс-депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан анын камакка алынган мүлкү боюнча ишти оң жагына чечип берүүгө жардам берем деп пара алган деген шек менен эки айга камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0