Ошто Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

© Sputnik / Андрей Архипов / Медиабанкка өтүүКылмышка шектүүнү кармоо. Архив
Кылмышка шектүүнү кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Исаков облуста жашаган жарандардын ишеничине кирип, алдамчылык менен көп суммадагы акчаларыын жана баалуу буюмдарын тартып алып, ири көлөмдөгү зыян келтирди деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Ошто Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү 43 жаштагы Абдумажит Исаков кармалганын Ош ОИИБи билдирди.

Маалыматка ылайык, Исаков облуста жашаган жарандардын ишеничине кирип, алдамчылык менен көп суммадагы акчасын жана баалуу буюмдарын тартып алып, ири көлөмдөгү зыян келтирди деп шектелүүдө. 

Учурда Исаков убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0