Коркутуп көз көрүнөө фермерлердин малын айдап кеткен кылмыштуу топ кармалды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүВелосипедчен адам жана уй. Архив
Велосипедчен адам жана уй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уурулар фермердин үй-бүлөсүнө күч колдонуу опузасы менен көз көрүнөө короодогу малын алып кетип жүрүшкөн. Мындай аракет бир нече жолу кайталанган.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Фермерлерди коркутуп, малын уурдоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын ИИМ билдирет.

Эрте менен айылда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө бир жарандын тогуз бодо малын уурдаган деп шектелгендер кармалды
Маалыматка ылайык, уурулар фермердин үй-бүлөсүнө күч колдонуу опузасы менен көз көрүнөө короодогу малын алып кетип жүрүшкөн. Мындай аракет бир нече жолу кайталанган.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында кылмышкерлер Чүй районунун Шамшы капчыгайында аталган үй-бүлөнү коркутуп төрт жылкысын, 13 баш кой-эчкисин тартып алышкан. Мунун кесепетинен малчы 300 миң сом өлчөмүндө зыян тарткан. 

Аталган фактылар каттоого алынып, Чүй РИИБ тарабынан "Опузалоо" жана "Уурулук" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турган, буга чейин бир нече ирет соттолгон 46 жана 22 жаштагы жарандар кармалган. 

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0