Кыргыз-казак чек арасынан көзөмөлдөн тыш өтүүгө аракет кылган үч казак жаран кармалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ак-Жол" чек ара пунктунун кызматкерлери. Архив
Ак-Жол чек ара пунктунун кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар УКМКнын аймактын бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлдү.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Чүй облусундагы кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Казакстандын үч жараны кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, жарандар Кыргызстандан Казакстанга көзөмөл пунктунан тыш ат менен өтүүгө аракет кылышкан. 

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар УКМКнын аймактын бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0