Муфтият: Меккедеги мечиттеги болгон кырсыкта кыргызстандыктардын бары-жогу такталууда

© AFP / STRМекке шаары. Архив
Мекке шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөдөгү эң ири делген Меккедеги Аль-Харам мечитинде кран кулап түшүп, 107 адам каза болуп, 238и жаракат алган. Кран зыяратчылар намаз окуп бүтүп, короодон өтүп жаткан учурда алардын үстүнө кулаган. Кырсыктын себебин начар аба ырайына байланыштыры жатышат. Ал жерде кыргызстандыктар бар-жогу туурасында азырынча так маалымат жок.

БИШКЕК, 12-сен — Sputnik. Меккедеги Аль-Харам мечитиндеги адам каза болгон кырсыкта кыргызстандыктардын бар-жогу такталып жатат деп билдирди муфтияттын маалымат кызматынан.

“Азыр Сауд Аравиясында ажылыкты уюштурган штабдын мүчөлөрү бар. Алар менен байланышып жатабыз. Бир-эки саатта так маалымат беребиз”, — деди муфтияттын маалымат кызматынын өкүлү Максат Атабаев.

Мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажылыккка бара турган зыяратчылардын акыркы тобу эртең учуп кетет
Меккедеги Аль-Харам мечитиндеги кулап түшкөн кран 107 адамдын өмүрүн алып, 238и жарадар болду деп билдирди Сауд Аравиясынын жарандык коргонуу бөлүмү.

Алардын айтымында, кырсыкка бузулган аба ырайы себепкер болгон.

Быйыл Кыргызстандан кечээки аба каттамын кошкондо Сауд Аравиясына 3685 зыяратчы учуп кетти. Алар 15-октябрга чейин кайра кайтып келишет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0