Казакстанга жасалма паспорт менен жол алган кыргызстандык жаран кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖенщина на посту таможенного и пограничного контроля. Архивное фото
Женщина на посту таможенного и пограничного контроля. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран Чүй облустук УКМК кызматкерлерине өткөрүлдү.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасында жасалма паспорт менен коңшу мамлекетке өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалганын Мамлекттик чек ара кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында текшерүү учурунда "Ак-Тилек-автодорожный" көзөмөл пунктунан өтүп бара жаткан адамдын ID-картасы жасалма болуп чыккан.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран Чүй облустук УКМК кызматкерлерине өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0