Чек арадан тамекиге ороп баңгизат алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүСигарет. Архив
Сигарет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам баңгизаттар менен кошо милицияга өткөрүлдү.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бүгүн, 14-сентябрда, кыргыз-казак чек арасынан баңгизат алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Чалдыбар-автодорожный" көзөмөл пунктунан өтүп бара жаткан "Toyota Carina" үлгүсүндөгү унааны текшергенде өзгөчө жытка ээ зат салынган баштык жана тамекиге оролгон баңгизат табылган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам баңгизаттар менен кошо милицияга өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0