УКМК: 10 миң доллар пара берип жаткан жеринен "Аскер Курулуштун" башчысы кармалды

Жазылуу
Ишкана директору бир нече аскердик объектилерди курууда мыйзам бузууларды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнү токтотуу үчүн 10 миң доллар сунуштаган.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Коррупцияга каршы күрөш кызматынын адиситерине 10 миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен "Аскер Курулуш" мамлекеттик ишканасынын башкы директору кармалганын УКМК билдирди.

Кыргызстандын валютасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзгөн райондук салык кызматкери 14 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды
Маалыматка ылайык, ишкана директору бир нече аскердик объектилерди курууда мыйзам бузууларды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнү токтотуу үчүн 10 миң доллар сунуштаган.

Үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрында аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 314-беренесинин (Пара берүү) негизинде кылмыш иши козголду.

Кармалган директор УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0