Арак ичип жүргөн аял эки жашар баласын кайда калтырганын билбей калган

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүНовая производственная линия по розливу водки "Парламент"
Новая производственная линия по розливу водки Парламент - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дайынсыз жоголгон Жанер Бишкекте изделүүдө. Ал кара шым, жол-жол жемпир, бутуна ак ботас жана башына "Adidas" деген жазуусу бар шапке кийип жүргөн.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Жекшемби күнү 13-сентябрда кечки саат 9:30дар чамасында арак ичип жүргөн аял эки жаштагы баласын кайда калтырганын билбей калган. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ичип отуруп баласын жоготуп алган энеси окуя кандай болгонун айтып берди
2013-жылы туулган эки жаштагы Жанер Тыналиев кара шым, жол-жол жемпир, бутуна ак ботас жана башына "Adidas" деген жазуусу бар шапке кийип жүргөн.

Жанерди көргөн-билгендер болсо, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы 432815 телефонуна же болбосо 0550 102 872, 0551 102 805, 0557 201268, 0709242483 телефондоруна чалууну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0