Бишкекте беш жашар бала жоголду

Жазылуу
Бала 15-сентябрь күнү Ак-Тилек жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кетип, ошол боюнча кайрылган эмес. Беш жашар баланын жоголгону тууралуу милицияга анын ата-энеси билдирген.

БИШКЕК, 16-сен. – Sputnik. Борбор калаада беш жаштагы Мухаммед Акпаралиев аттуу бала жоголуп кеткенин Бишкек ШИИБ билдирди.

Ичип отуруп баласын жоготуп алган энеси окуя кандай болгонун айтып берди
Маалыматка ылайык, бала 15-сентябрда саат болжол менен 12.00дө Ак-Тилек жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кетип, ошол боюнча кайрылган эмес. Ата-энеси баласынын жоголуп кеткендигин айтып, милицияга кайрылган.

Наристе жашыл түстөгү футболка, кара спорт шым жана көк түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Мухаммед тууралуу кабары барларды Свердлов РИИБге же 43-28-15, 0 (550) 102 872, 0 (551) 102 805, 0 (557) 201 268, 0 (709) 242 483 телефондору аркылуу маалымат берүүнү өтүнүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0