Бишкекте мектеп окуучулары бычакташа кетишти

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак кармаган адамдын колу. Архив
Бычак кармаган адамдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Териштирүү маалында жарат алган 16-17 жаштагы алты баланын төртөө бычак жеп, бирөөсүнүн мээси чайкалып, дагы биринин жаагы сынганы аныкталган.

БИШКЕК, 17-сен. – Sputnik. Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан №38 мектептин окуучулары менен спорт мектебинин тарбиялануучуларынын ортосунда болгон мушташтан алты бала жабыркаганын Бишкек ШИИБ билдирди. 

Курулуш куралы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кардар үчүн талаштан улам таксистти көкүрөккө сайып кетишкен
Мушташ тууралуу маалымат 16-сентябрь күнү саат 21.30 чамасында Свердлов РИИБнын нөөмөт бөлүмүнө түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу баргандан кийин 16 жаштагы эки окуучу бала №3 ооруканага жеткирилген.

Андан кийин Мамакеев атындагы ооруканага дагы эки бала түшкөнү маалымдалган.

Териштирүү маалында жарат алган 16-17 жаштагы алты баланын төртөө бычак жеп, бирөөсүнүн мээси чайкалып, дагы биринин жаагы сынганы аныкталган.

Учурда аталган иш боюнча сот-медициналык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалды. Свердлов РИИБнин кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0