УКМК: Коргоо министринин орун басары кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКоргоо министринин шеврону. Архив
Коргоо министринин шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коргоо министринин орун басары камсыздандыруу акчасын алыш үчүн бутун иш учурунда кокустатты деген жалган документ жасатып алган деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. УКМКнын маалыматында, Коргоо министринин орун басары ведомствонун имаратынан чыгып келе жатып бутун кокустаткан, бирок ага кызматтык милдетин аткарып жатып жаракат алды делип камсыздандыруу акчасы төлөнгөн. 

Коргоо министринин орун басары камсыздандыруу акчасын алыш үчүн бутун иш учурунда кокустатты деген жалган документ жасаган деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.

Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: 10 миң доллар пара берип жаткан жеринен "Аскер Курулуштун" башчысы кармалды
Атайын кызматтардын маалыматында, 2014-жылдын ноябрь айында 2014-жылы Коргоо министринин орун басары, полковник ведомствонун имаратынан чыгып келе жатып бутун кокустаткан. 

Маалыматтарга караганда, полковниктин демилгеси менен кызматтык иликтөө жасалып, жыйынтыгында, кызмат учурунда жаракат алган деген жыйынтык чыгарылган. Андан улам, полковникке камсыздоо акчасын төлөп берүү буйругу чыккан.

УКМКнын версиясы боюнча, камсыздандыруу боюнча мыйзамсыз акча алуу үчүн полковникке жасалма документтер жазылып, каражат төлөнүп берилген.

Коргоо министринин орун басарынына жана ведомствонун башка жетекчилерине карата кызмат ордун кыянаттык менен пайдалангандыгы, документтерди жасагандыгы боюнча Кылмыш жаза Кодексинин 304- жана 31-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Полковник учурда УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Башкы штаб министрдин орун басары кармалганын тастыктап, бирок тергөө учурунда эч кандай түшүндүрмө бербей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0