Дордой базары. Архив

"Дордой" базарындагы соодагерди сызга отургузуп кеткен аял кармалды

77
(жаңыланган 11:18 22.09.2015)
Сатуучунун ишенимине кирип, 100 миң сомдук товарын алып кеткен 55 жаштагы аялды милиция ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин негизинде колго түшүрдү.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. "Дордой" базарындагы сатуучунун ишенимине кирип, 102 миң 607 сомдук товарын алып кеткен аял кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 24- майында болгон. 55 жаштагы Бүмайра аттуу аял алдоо жолу менен соодагердин товарын алып кеткенден кийин дайынсыз болуп из жашырып кеткен.

Сатуучунун арызынын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан алдап кеткен жаран кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

77
Белгилер:
милиция, сатуучу, алдоочулук, "Дордой"
Тема боюнча
"Алам" деп алдап, тойдун акчасын шыпырып кеткен
Жасалма документ менен соттолгон жаранды бошотуу үчүн пара алган инспектор кармалды