Таластан түштүккө 56 тонна майзамсыз көк май ташыган унаалар кармалды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүБензин ташуучу автоунаа. Архив
Бензин ташуучу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочулар жүктүн ээси Медет аттуу адам экенин, күйүүчү май Манас районунун айылдарынын бириндеги базадан куюлганын айтышкан.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Талас шаарында тийиштүү документтери жок 56 тоннадан ашуун көк май ташып бара жаткан эки жүк ташуучу унаа кармалганын ИИМ билдирди.

Бензин куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сентябрь айында бензин 1 сомго, ал эми көк май 2 сомго арзандады
Маалыматка ылайык, таңкы саат төрттө Талас шаарынан чыга бериш жерде түштүктү карай багыт алган "Рено-Премиум" жана "Хово" унааларын текшерүү учурунда жүктөлгөн көк майдын документтери жок экени аныкталган. 

Айдоочулар жүктүн ээси Медет аттуу адам экенин, күйүүчү май Манас районунун айылдарынын бириндеги базадан куюлганын айтышкан. 

Мекеме бардык материалдар Талас ОИИБде каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0