"Зеленстрой" ишканасынын жетекчилигине кылмыш иши козголду

Жазылуу
Мекеме кызматкерлери ижара акысын төмөндөтүп, тийиштүү башкармалыктын эсебине которулуусун көзөмөлгө алган эмес.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясынын "Зеленстрой" ишканасынын кызматкерлеринин муниципалдык менчиктеги объектилерди мыйзамсыз ижарага берип, алты миллион сомдон ащуун зыян келтиргени аныкталганын УКМК билдирди. 

Обогатительная фабрика Каскад ОАО Кузбасская топливная компания - Sputnik Кыргызстан
Мыйзамсыз көмүр казууга жол берген жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголду
Маалыматка ылайык, аталган ишкананын кызматкерлери мыйзам бузуу менен үчүнчү жактарга муниципалдык менчиктеги сейилбак, эс алуу чөлкөмдөрү, питомник жана оранжереяларды ижарага беришкен. Мында ижара акысынын өлчөмү төмөндөтүлгөн, ал эми акчанын түшүүсү көзөмөлгө алынбай, Муниципалдык менчиктер башкармалыгына которулган эмес.

Эсептөө палатасынын жүргүзгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгында казынадан кыя кеткен төлөмдүн жалпы суммасы 6 миллион 394,7 миң сомду түзгөн.

Аталган факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болу" жана "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы" беренелерине ылайык кылмыш ишин козголду.

Азыркы маалда тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0