Милиция: окуучу беш жашар баланы коркутам деп тумчуктуруп өлтүрүп алган

Жазылуу
Ош облустук ИИББден билдиргендей, беш жашар баланын сөөгү кошунасынын огородунан табылган.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Тогузунчу класстын окуучусу беш жашар баланы коркутам деп тумчуктуруп өлтүрүп алганын Ош облустук ИИББдин маалымат катчысы Жеңишбек Ашырбаев Sputnik агенттигине билдирди.

Анын айтымында, беш жашар баланын ата-энеси анын жоголгонун айтып, милицияга кайрылышкан.

"Милиция кызматкерлери баланын сөөгүн коңшуларынын огородунан табышкан. Анын колу скотч менен байланган. Андыктан аны кыйнап өлтүргөн деп айтууга болот", — дейт ал.

Бул кылмыш ишине шектүү делип кармалган 9-класстын окуучусу  жасагандарын моюнга алып көрсөтмө берген.

"Шектелген окуучу  короодо тамеки чегип жатканын беш жашар бала көрүп калып, ата-энесине айтам деген. Ал аны коркутуп коём деп колун байлап, оозун скотч менен чаптаган. Бирок беш жашар бала думчугуп калганда,  сөөгүн окуучу өз огородуна көөмп салган", — деди Ашырбаев.

Учурда кармалган окуучу Ош шаардык милициясына алынып келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0