Авариядан улам Гроздь айылына жакын жерге мазут төгүлдү

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМазут. Архив
Мазут. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү бийлик органдарынын айтымында мазуттун төгүлүшүнөн жергиликтүү тургундар жабыркаган эмес.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Аламүдүн районунун Гроздь айылында "Газпром Кыргызстан" ишканасына тиешелүү газ чарбачылыгындагы авариядан улам мазут төгүлгөнүн Sputnik агенттигине айыл өкмөтүнүн башчысы Сыргак Кыдыкеев билдирди.

Анын айтымында, окуя жума күнү эртең менен болгон. Айылдын аймагы мындан жабыркаган эмес.

"Мазут Чу дарыясына жакын жерден төгүлдү. Айыл өкмөтүнүн комиссиясы ал жерге дароо барып, акт түздү", — деди башчы.

Кыдыкеев мазуттун төгүлүшү айлана-чөйрөгө жана жергиликтүү элге эч кандай таасир тийгизбей турганын, айыл өкмөт окуяны көзөмөлгө аларын белгиледи.

Учурда мазут төгүлгөн жерди 10 адам тазалоодо.

"Газпром Кыргызстан" ишканасы бул маалыматты тастыктаганы менен, окуянын чоо-жайын тууралуу кенен айтып берүүдөн баш тартты.

Жаңылыктар түрмөгү
0