Бишкекте үй өрттөнүп, ээси ооруканага жеткирилди

Жазылуу
Колунан, бетинен күйүк алган жабыралануучуга шаардык №4 ооруканадан жардам көрсөтүштү.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Айни менен Псков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан барак түрүндөгү үйдүн эки бөлмөсү өрттөнүп, андан жабыркаган үй ээси 39 жаштагы Виктория Алкеева ооруканага жеткирилгенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыкка тиричилик электр шаймандарын колдонуудагы өрт коопсуздугун сактабагандык себеп болгон. 

Мындан тышкары, үйдүн ичиндеги буюм-тайым күйүп кеткен. Ал эми колунан, бетинен күйүк алган жабыралануучуга шаардык №4 ооруканадан жардам көрсөтүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0