Бишкекте 7-класстын окуучусу өзүн өзү мылтык менен атып алган

© Sputnik / Семенов / Медиабанкка өтүүМиниатюрдук мылтык. Архив
Миниатюрдук мылтык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үйдө жалгыз калган 14 жаштагы өспүрүм атасынын сейфинен бөлүктөрү ажыратылган аң уулоочу мылтык таап алган.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкекте 14 жаштагы мектеп окуучусу кокусунан өзүн өзү үйдө сакталган мылтык менен атып алып каза болгонун Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

ИИМ кырсык шаршемби күнү кечинде болгонун маалымдады.

"Өспүрүм ошол күнү мектепке барбай үйдө жалгыз калган. Атасынын сейфинен бөлүктөрү ажыратылган мылтыкты таап алып, аны куроо ыкмалары интернеттен карап чогулткан. Милицияны катуу чыккан үндөн улам коңшулар чакырган", — деп айтылат билдирүүдө.

14 жаштагы бала №31 мектептин окуучусу болгон. Тергөөчүлөр өспүрүмдүн кантип сейфтин ачкычын тапканын иликтеп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0